Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖОЖдорду САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯЛООГО БАГЫТТАЛГАН ЖУРНАЛ ЖАРЫК КӨРДҮ

Көрүлдү: 466

ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу жана ЮНЕСКОнун алдындагы Жогорку билим берүү тармагындагы инновациялардын эл аралык борбору (ЮНЕСКО-ICHEI) Борбор Азиядагы жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоого багытталган “CLOUD” маалыматтык журналынын бешинчи чыгарылышын чыгарды.

post.title

Мазмунунда:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун окурмандарга Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоонун келечегине арналган атайын билдирүүсү.

Дүйнөдөгү жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоо тенденциялары жөнүндө эл аралык жана жергиликтүү эксперттик топтордун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү системаларынын абалын жана керектөөлөрүн талдоо.

Жогорку билим берүүнү санариптик трансформациялоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар жана жетишкендиктер жөнүндө жергиликтүү университеттердин тематикалык изилдөөлөрү.

Санариптик көндүмдөр жана компетенциялар жаатында ЖОЖдордун жетекчилеринин жана окутуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн ар кандай уюмдардын долбоорлору жана демилгелери.

Туруктуу шилтеме: http://ru.unesco.kz/new-joint-publication-on-digital-transformation-of-higher-education-in-central-asia

Жарыялоо

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар