Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ: “ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БҮГҮН ДАГЫ МААНИЛҮҮ”

Көрүлдү: 714

Бүгүн, 12-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулган “Кыргыз жазуучулары жана Чыңгыз Айтматов” аталышындагы иш-чарага катышты.

post.title

Министр өз сөзүндө Чынгыз Айтматовдун негизги чыгармалары совет заманында жаралса да, ар бир чыгармасы бүгүнкүдөй маанилүү. Биз жаш муунга залкар жазуучунун чыгармаларын окутуп, анын чыгармаларынын түпкү маңызын жеткирүүгө аракет кылуубуз керек деп белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 12 томдук чыгармалар (кыргыз, орус тилинде) жыйнагынын жана “Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык портреттери” аттуу орус жана англис тилдеринде жарык көргөн китептин бет ачары болду.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагында анын алгачкы “Газетчи Дзюйо” аңгемесинен тартып, эң соңку романдарына чейинки бардык чыгармалары камтылган.  Ошондой жыйнакка жазуучунун буга чейин жарыяланбаган “Чоор жана жер”, “Алтын жана кар” повесттери, “Уулу менен жолугушуу” аңгемесинин экинчи бөлүгү, 1951-жылдан берки публицистикалык макалалары, маектери киргизилген.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар