Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “МЫКТЫ БАЯНДАМАЧЫ - 2022” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

Көрүлдү: 544

Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында “Мыкты баяндамачы- 2022” республикалык сынагын жарыялайт.

post.title

Сынак “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 3З жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Сынактын максаты- кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.

Сынакка республиканын бардык аймактарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана бардык улуттун өкүлдөрү катыша алат.  

Сынак 3 этап менен өтөт:

I этапта – катышуу үчүн облус/шаардан табыштамалар кабыл алынат (12-декабрга чейин);

II этапта – ар бир катышуучу кыргыз тилин окутуунун азыркы абалы, анын жаралыш шарты жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун  чагылдырган 3 барактан ашпаган текстти уюштуруу комитетине жөнөтүшү керек (15-декабрга чейин);

III этапта – финалга чыккан сынактын катышуучулары онлайн жана оффлайн форматында оозеки баяндама жасайт (20-декабрда).

Сынакка катышуунун жол-жоболору боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун bilimmamtil(@gmail.ru электрондук дарегине кайрылса болот.

Байланыш телефондору: 0(559)280974, 0(990)904404 (вотсап), (0312)663898

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар