Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 639

Бүгүн, 9-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өткөн “Зордук-зомбулукту токтот. ​​Айткандан тайба” аттуу мектеп окуучулары арасындагы Республикалык видеороликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды.

post.title

“Билим берүү системасында дагы зордук-зомбулукка каршы иштерди жүргүзүп жатабыз. Жакында эле министрликтин демилгеси менен Чүй жана Ош облустарындагы мугалимдер арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар өттү. Мындай иш-чараларды республикалык деңгээлде жайылтууну пландап жатабыз”, - деди министр өз сөзүндө.

Республикалык видеороликтер сынагына жалпы 235 командадан арыз келип түшкөн. Арыздарды көз карандысыз калыстар тобу карап, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келип түшкөн командаларды жеңүүчү деп тапкан.

I даражадагы диплом менен сыйлангандар:

  • Сандулла Нуров
  • Диана Мусаева
  • Алим Даутахунов

II даражадагы диплом менен сыйлангандар:

  • Абдурашид Хихизов
  • Жаркынай Урказыева
  • Гүлназик Төрөкулова

III даражадагы диплом менен сыйлангандар:

  • Байел Жунушалиев
  • Малика Мукашева
  • Айзада Абдыжапарова

Ошондой эле сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Артур Бакиров мектептер, мугалимдер, окуучулар жана жогорку окуу жайлар арасында укуктук маалыматты жогорулатуу максатында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, аталган сынак Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар