Көрүлдү: 397
Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин онлайн система аркылуу документтерди жүктөп, каттоодон өтүү керектигин эскертет.
Кыргызстандын жарандары 2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүүгө өтүнмөлөрдү бере алышат.
Стипендиялык программага катышуунун шарттары жана талаптары Билим берүү жана илим министрлигинин https://edu.gov.kg/announcements/165/ сайтында жайгаштырылган.
Арыз http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында толтурулушу керек.