Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ: “МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖдордун КЫЗМАТТАШТЫГЫН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ”

Көрүлдү: 476

Бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуунун күн тартибинде ЖОЖдордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жогорку билим берүү системасындагы коррупциянын алдын алуу маселелери талкууланып, өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун жол картасы жөнүндө маалыматтар берилди.

Жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосунда байланышты түзүү эң негизги максаттардын бири деп билдирди жолугушууда Уланбек Мамбетакунов.

“Биз мектепке чейинки, мектептик, ЖОЖдук билим берүүнү дагы да күчөтүшүбүз керек. Буга чейин айрым ЖОЖдор мектептер менен өз ара кызматташып келген. Бул жаатта ишти жандандыруу зарыл. Биз өзүбүздүн келечектеги студенттерибизди даярдоо керектигин түшүнүп турабыз”, - деди министр.

Ошондой эле министр Билим берүү жана илим министрлиги КР Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргыз патент) менен  Жогорку окуу жайлар менен жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүү тууралуу долбоор иштеп баштагандыгын кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар