Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРАКТИКТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУДА

Көрүлдү: 528

2022-жылдын 8-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азиянын Евразия фонду инклюзивдик билим берүү тажрыйбасы менен алмашуу боюнча жолугушуу өткөрдү.

post.title

Иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ийгиликтүү социалдашуусу, коомго толук кандуу катышуусу үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу шарттарын ишке ашырууга багытталган.

Жолугушууга Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева, аталган башкармалыктын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, 56 пилоттук жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогдору катышты.

Жолугушууда педагогдор жана пcихологдор “Класстагы жана мектептеги психологиялык климат жана анын инклюзивдик билим берүүдөгү ролу”, “Инклюзивдик билим берүү процессинде ата-энелер менен иштөө”, “Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектеп-гимназиясында инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу жөнүндө” темаларында баяндамаларды жасашты.

2022-жылы республиканын 20 мектебинде мугалимдин жардамчысы кызмат орду киргизилип, билимге муктаждыгы бар балдар үчүн жекече окутуу планы ишке ашырылган. Учурда пилоттук долбоорго 56 мектеп катышууда. Пилоттук мектептердин мугалимдеринин компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн инклюзивдик билим берүү боюнча адистер тобу жумасына эки жолу Zoom meeting платформасында окутууларды өткөрүп турат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азиянын Евразия фонду менен ЖОЖдор аралык лабораториялардын жана инклюзивдик билим берүү ресурстук борборлорунун ишин уюштурган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар