Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕРДИН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫН ДОЛБООРУН ТАРТУУЛАДЫ

Көрүлдү: 724

2022-жылдын 30-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун алкагында министрликтин 2023-2025-жылдарга стратегиялык аракеттер планынын долбоорун сунуштады.

post.title

Тегерек столго КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин эксперттери, мамлекеттик органдардын коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жана министрликтин борбордук аппаратынын бөлүм башчылары катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин Башкы катчысы Нурипа Муканова 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын долбоорун тартуулап, Билим берүү жана илим министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Усупбеков министрликтин Стратегиялык аракеттер планынын долбоору менен тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алып, Стратегиялык пландын долбоорун дагы иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар