Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
41 БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТАЛАПТАРДЫ АТКАРБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

Көрүлдү: 439

Билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн 2022-жылдын 15-апрелинде Билим берүү жана илим министрлигинин №656/1 “2022-жылга билим берүү программаларын даярдоочу билим берүү уюмдарындагы лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү планын бекитүү жөнүндө” буйругу чыккан.

post.title

106 билим берүү уюмунда лицензиялоодон кийинки текшерүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылган.

Министрлик апрель айынан тартып 60 лицензиядан кийинки текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 41 билим берүү уюму, анын ичинен медицина багыты боюнча билим берген 17 билим берүү уюмуна эскертүү берилди. Аларга лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу үчүн мөөнөт берилди.

Министрлик жарандардын же уюмдардын арыздарынын негизинде пландык текшерүүлөрдөн тышкары үч билим берүү уюмунда текшерүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында эки билим берүү мекемесине эскертүү берилип, айып салуу чечими кабыл алынган. Андан кийин анын бирөөсүнүн лицензиясы токтотулду.

Ошондой эле лицензиясыз ишкердик жүргүзгөндүгү үчүн дагы бир билим берүү уюмуна айып пул салынды.

Министрлик жарандарды жана уюмдарды билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалымдоого чакырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар