Көрүлдү: 655
Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектептин базасында 1-октябрдан тарта чоңдорго кыргыз тилин бекер окутула баштады. Учурда тайпада 9 адам бар.
Сабактарды кыргыз тили мугалими Нуржамал Ибрагимова атайын программа боюнча өтөт. Ал 2014-жылы эң мыкты окуу китеби сынагында биринчи орунду алган.
Акысыз курстарды Кара-Балталык меценат кыргыз тили мугалими атасынын элесине арнап уюштурган.
Маалымат булагы : https://www.turmush.kg/ru/news:1824339