Көрүлдү: 593
2022-жылдын 23-ноябрында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы, Винера Раимбачаева, ЖКнын депутаты Надира Нарматова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Чоң-Алай, Алай жана Араван райондорундагы мектептерден абалы менен таанышышты.
Билим берүү мекемелерине барганда аларга мектептерде ысык тамак берүү, кышкыга даярдык иштери, Чоң-Алай районунун Талды-Суу айылына Ооганстандан көчүп келген этникалык кыргыздарды окутууну уюштуруу боюнча маалыматтар берилди.
Ошондой эле эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти.