Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЖАҢЫ КЕҢЕШЧИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 619

Ибраев Алмаз Орозакунович Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

post.title

Кеңешчи болуп дайындалганга чейин ал “Силк Лейк Инвестмент” ЖЧКсынын аткаруучу директору жана Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору болуп иштеген.

Алмаз Ибраев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

 

Жалпы маалымат

Туулган күнү: 1976-жылдын 27-июну.

Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Түп айылы.

Билими:

2021-ж. азыркыга чейин – КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы докторантура.

2000 - 2005-жж. – Кыргыз улуттук университети, аспирантура. Саясий илимдердин кандидаты.

2003 - 2006-жж. – КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” факультети. Магистр.

1999 – 2003-жж. – Кыргыз-Кувейт университети, “Араб тилинин филологиясы”. Бакалавр.

Илимий наамы, илимий даражасы:

Саясий илимдердин кандидаты,

КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын саясат таануу боюнча доценти

Эмгек жолу:

2021-ж Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү.

2019-ж Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун негиздөөчүсү жана директору.

2018-ж “Силк Лейк Инвестмент” ЖЧКсынын аткаруучу директору.

2011-2018-жж. М. Кашкари атындагы Чыгыш университетинин ректору.

2008-2011-жж. “Зеленый колос” коомдук фондунун директору.

2007-2008-жж. “Зеленый колос” коомдук фонду. Доолбор координатору.

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча комитети, консультант.

2005-ж. сентябрынан 2005-ж. декабрына чейин М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору.

2004-2005-жж. – “Социалдык формалардын коому” Коомдук бирикмеси эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз бөлүмүнүн президенти.

1998-2004-жж. – “Социалдык формалардын коому” Коомдук бирикмеси эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз бөлүмүнүн катчы-референт.

1998-1999-жж. – Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын араб тили мугалими.

Квалификацияны жогорулатуу:

2021 - АКШ, Проктор Галлафер институту, “Финансылык эркиндиктин формуласы” сертификаты (онлайн).

2020 - БАЭ, Шарджа маданий мурас институту 20 жылдык маараке”.
2018 - Москва психоанализ институту 72 саат “Карьералык кеңеш берүү жана машыктыруу”.
2015 - “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фонду “Ийгиликтин формуласы: мотивацияны жана лоялдуулукту түзүү”.

2014 - “Казакстан стратегиясы -2050” жаңы саясий курсу, Түрк дүйнөсүнүн III Эл аралык экономикалык форуму, Алматы.

2014 - Кыргызстандагы “Горизонт-2020” Улуттук координациялык борбору, ЕСтин изилдөөлөр жана инновациялар үчүн “Горизонт – 2020” программасы.

2011 - Бангладеш, Дакка, БУУнун сертификаты “Натыйжа үчүн лидерлик” тренинг.

2010 – Бишкек, сертификат “Долбоорду башкаруу” тренинг.

Сыйлыктар:

2019 -  БАЭ, Шарджа маданий мурас институту “Мыкты ректору”.

2015 - Жетиген журналы “Жылдын мыкты ректору”.

2014 - “Эркин-Тоо” гезити “Жылдын мыкты ректору”.

2013 - КР Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.

2013 - “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фонду “Акыл тиреги”.

2012 - КР Билим берүү жана илим министрлиги “Эл агартуунун отличниги”.

Билген тилдери: кыргыз тили – эң мыкты,  орус тили – эң мыкты, араб тили -  эң мыкты, англис тили – Advanced, түрк тили- жакшы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар