Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ПЕДАГОГ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕР ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

Көрүлдү: 332

Нарын районунун Таш-Башат айылынын Дүрбөлөң Мамбет уулу атындагы орто мектептин директору Анаргүл Жолдубаева чет өлкөлөрдө орус тилин жана маданиятын жайылтуу боюнча чыгармачылык демилгелер фестивалында “Педагогикалык технологиялар” номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

post.title

Анаргүл Жолдубаева И.А.Крыловдун “Боз чымчык жана көгүчкөн” тамсилинин негизинде орус адабияты сабагынын сценарийин сунуштап, 30 финалисттин катарына кирген. 2022-жылдын 19-ноябрында Анталия шаарында өткөн фестивалда чыгып сүйлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ал алдыңкы он жеңүүчүнүн катарына тандалып алынган.

Фестиваль Москва шаарындагы Кошумча кесиптик билим берүүнүн автономдуу коммерциялык эмес уюму “Кадам” Билим берүү инновациялары борбору” тарабынан уюштурулган.

Шилтеме:

https://fest.stepcenter.ru/final

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар