Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОшМПУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЮШТУРДУ

Көрүлдү: 421

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин квалификация жогорулатуу бөлүмү 31-октябрдан 12-ноябрга чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн курстарды өткөрдү.

post.title

Бала бакчалардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу үчүн университеттин мугалимдери балдар менен иштөөнүн инновациялык, визуалдык ыкмалары, ата-энелер менен өнөктөштүктүн эрежелери, балдардын ой-чабытын, дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн көргөзмөлөрдү, бурчтарды уюштуруу жана ар кандай көрсөтмө куралдарды жасоо ыкмалары боюнча сабактарды өткөрүштү.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга 72 сааттык окуу курсун ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттар берилди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар