Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 929

Бүгүн, 11-ноябрда Токтобүбү Абасовна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду.

post.title

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Токтобүбү Ашымбаеваны министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды.

Буга чейин Токтобүбү Ашымбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.

 

Жалпы маалымат:

Туулган күнү: 1966-жылы 14-ноябрда

Туулган жери: Нарын облусу

Билими:

1984-1989-жж.. — Кыргыз улуттук  университети, химия факультети, адистиги: химик, окутуучу

2005-2007-жж.. –Кыргыз билим берүү академиясы, социалдык педагог

2013-2016-жж.– Кыргыз мамлекеттик И.Арабаева атындагы университет, аспирантура

Илимий даражасы:

2020 г. – Жогорку аттестациалык комиссия, илимий даражасы: педагогикалык илимдердин кандидаты

Эмгек жолу:

2022-ж. март – 2022. ноябрь – Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти,

2017-ж.- 2022.март – И.Арабаева атындагы  Кыргыз мамлекеттик  университетинин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы,

2014-ж. -  2017-ж. КРнын билим берүү жана илим министиринин орун басары

2014-ж. апрель- 2014-ж. ноябрь директор SOS Герман Гмайнер ОТК

2003-ж.-2014-ж. – Чүй облусунун Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

2000-ж.-2003-ж. - Аламүдүн районунун Мрамор орто мектебинин директору        

1995-ж.-2000-ж. - Мрамор орто мектебинин   химия мугалими

1989-ж.-1995-ж.- КРнын Илимдер академиясынын органикалык эмес химия институнда инженер-химик,илимий кызматкер

                 
Билим чеберчилигин жогорулатуу:

-2019-ж., декабрь, III Эл аралык фестиваль,  инклюзивдик  искусство «INCLUSIVE ART» Екатеринбург ш. (Россия)

-2019-ж., март, Армения -  окуу туру «Социалдык маданий инклюзия процессинде инвалиддиги бар адамдар менен иштөөдө  социалдык педагогдун ролу»,  Yerevan State University,  ЕВРАЗИЯЛЫК ПРОЕКТ CPEA-LT-2017/10043 алкагында

-2018-ж., сентябрь, Норвегия - окуу туру «Көпүрөөлөрдү куруу» -  Рудольф Штайнер университетинде Армения, Грузия, Кыргызстан жана Норвегияда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык реформалоонун куралы катары социалдык педагогика тармагында практикага багытталган жогорку билим берүүнү өнүктүрүү (Норвегия),  ЕВРАЗИЯЛЫК ПРОЕКТ CPEA-LT-2017/10043 алкагында

-2017-ж, март, РУДН  Москва ш.

-2016г., Эстония, көп тилдүүлүккө окутуу боюнча тажрыйба алмашуу

-2013-ж., Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү саясаты, Москва ш.

-2010-ж., май-июнь, АКШ, Түндүк Каролина,  билим берүү бөлүмүнүн башчылары үчүн окуу туру

-2008-ж.- «Тынчтык жана өнүгүүнү талдоо», «Эл аралык толеранттуулук үчүн», ПРООН

- 2006-2007-жж.- "Үй-жайсыздыктын жана кароосуздуктун алдын алуу"

- 2006-ж- «Башкарууну өзгөртүү», КББА, ЮСАИД

- 2005-2006-жж.- Натыйжалуу жыйынтыктар үчүн лидерлик, КР Өкмөтү, ПРООН

- 2003-ж.- «Демократия мектепте, мектеп үчүн, мектептер аркылуу» Шалва Аманашвили

-2003-ж.-"Үй-жайсыз, иштеген жана жумушсуз балдардын социалдык интеграциясы", ЮНЕСКО

- 2002-ж., Ишке ашырууну изилдөө ППО, КББА.

-2002-ж.- «Билим берүүдөгү маркетинг жана менеджмент», ассоциация «СОУ»

-2001-ж., Окуу процессинде балдарга гумандуу-инсандык мамиле кылуу системасы, КР ББМ жана Россия ББ Академиясы

Сыйлыктар:

-Төш белги «КРнын билим берүүнүн отличниги»- 2003-ж;

– Ардак грамота КРнын ББМ-2012-ж.,2015-ж.

- Ардак грамота Чүй облустук мамадминистрациясы-2003-ж,2008-ж,2011-ж.

- Ардак грамота Аламудун раймамадминистрациясы-2003-ж.,2006-ж.,2012-ж.

-Ардак грамота Аламудун БББ -2001-ж.

- «Аламүдүн районунун билим берүүнүн ардактуу кызматкери»-2003-ж.

- Ардак грамота КРнын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун БК -2006-ж.,2012-ж.

- Ардак грамота КР аялдар конгресси -2012-ж.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар