Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ИЛИМДИН МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛАДЫ

Көрүлдү: 753

Бүгүн, 11-ноябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга жана көргөзмөгө катышты.

post.title

Министрлик тарабынан уюштурулган иш-чарада алгач министрдин орун басары жогорку окуу жайлардын илимий жаңылыктарын чагылдырган көргөзмө менен таанышып, сентябрь айында жогорку окуу жайларында ачылган бизнес-инкубаторлор өз жемишин бере баштаганын белгиледи.

“Башында “бизнес-инкубатор” стартаптарды ачканда кандай болот болду экен деп кооптондук эле. Бирок бүгүн бизде потенциал бар экендигин көрүп турам. Алардын бири катары Баткен мамлекеттик университетинин студенттик стартаптарынын алкагында жасалган илимий иштелмелер көз кубантты. Мисалы, абадан сууну айлантып алуу же жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштетип чыгуу аракеттери.

Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка университетинин экологиялык иштелмелери. Биздин жаштарыбыздын коркпостон илимге кадам таштап, жигердүү иштерди аткарганга толук кандуу негиз бар экен”, - деди Расул Авазбек уулу.

Ал эми министрдин орун басары “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк эң улуу университеттери тек гана билим берүү уюмдары эмес, эң алдыңкы фундаменталдык жана колдонмо илим борборлору экендиги айтты.

“Жогорку окуу жайларында 4.0. концепциясын ишке ашыруу зарыл. Ал үчүн биз иш-аракеттерди жасап жатабыз. Мисалы, 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилди. Университеттер билим эле бербестен, билим менен чогуу илим болушу керек. Илим инновацияны алып келип, ал өндүрүшкө айланышы зарыл. Демек, өзгөчө макамга ээ болгон жогорку окуу жайларда өзгөчө жоопкерчилик бар”. – деп билдирди Расул Авазбек уулу .

Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан тегерек столдо “Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” темалары талкууланды.

Мындан сырткары Расул Авазбек уулу  жылдын татыктууларын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.

Алар:

Айгүл Дюшембиева   И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.к.,

Маматкан Чоров И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин деканы,

Чолпон Найманова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы,

Жылдызбек Туркманов К.Карасаев атындагы  Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык тармактар факультетинин Математика жана информатика кафедрасынын башчысы, ф.м.и.к., доцент,

Адилбек Жантаев  С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Илим жана өнүктүрүү боюнча проректору, ф.и.д.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар