Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БАШКАРУУЧУЛУК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНЫН ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Көрүлдү: 425

2022-жылдын 7-ноябрынан 9-ноябрына чейин “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору жана К.Д.Ушинский атындагы Ярослав мамлекеттик педагогикалык университети “Кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин башкаруучулук компетенциялары” эл аралык квалификациясын жогорулатуу программасын өткөрдү.

post.title

Балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери оффлайн жана онлайн форматтагы программа боюнча Сочи мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору А.В. Золотарёв, педагогика илимдеринин кандидаты Н.А. Мухамедьяров жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, “Балажан” РЭТБОУБдун директору Д.С.Мусинанын лекцияларын угушту.

Натыйжада программанын катышуучулары заманбап мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашыруу үчүн башкаруучулук компетенцияларынын деңгээлин жогорулата алышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар