Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
“Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктар” аталышындагы көргөзмө

Көрүлдү: 736

2022-жылдын 14-сентябрында саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктар” аталышындагы көргөзмө уюштурулууда.

post.title

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республиканын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан 2022-жылдын 23-августунда кол коюлган иш-чаралар планына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-планынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада билим берүүнүн баардык баскычтары үчүн “Кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүүдө колдонулган инновациялык усулдуктар” аталышындагы көргөзмө уюштурулууда.

Максаты – билим берүүнүн баардык баскычтарында кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүүдө колдонулган алдыңкы иш тажрыйбаларды аныктоо, маалымат базасын түзүү жана жайылтуу.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Джусупбекова, мектепке чейинки, мектеп, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын өкүлдөрү катышышат. Иш-чара эки бөлүктөн туруп, катышуучулар алгач алдыңкы иш тажрыйбалардын басылма түрү менен таанышып, андан соң электрондук түрдөгү усулдар менен тааныша алышат.

Жыйынтыгында, кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктар көргөзмөсүнүн мыкты тажрыйбалары боюнча маалымат базасы түзүлүп, андан аркы иш багыттары аныкталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар