Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
"Жаш тилчилер" уюмунун "Жаш тилчилер уюмунун негизделиши жана анын кызматташтыгы" аталышындагы биринчи кеңешмеси

Көрүлдү: 0

КР Билим берүү жана илим минстрлигин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун алдындагы Жаш тилчилер уюмунун “Жаш тилчилер уюмунун негизделиши жана анын кызматташтыгы” аталышындагы биринчи кеңешмеси КР Билим берүү жана илим министрлигинде 2022-жылдын 17-майында болуп өттү.

post.title

    

    Кеңешмеге коомдук уюмдардын, бирикмелердин, жаштар иштери боюнча жана агартуу тармагында алектенип жаткан платформалардын өкүлдөрү чакырылды.

    Бүгүнкү кеңешмеде жаш тилчилер жана коомдук уюмдардын, агартуу жаатында алектенген платформалардын сунуштары, пикирлери жана келечек пландары талкууланды.

Нагима Абдылдаева:

    - Бүгүнкү күндө биздин платформа Руслан Рахимов тарабынан негизделип, кыргыз тилинде онлайн билим берүү багытында иш алып барат. Биздин агартуу тармагында sabak.ilimelim.kg сайтыбызда бир нече курстар бар. Анын ичинде Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу курстар тартылып, киргизилген. Биздин платформа уюм менен онлайн курс түзүү, аны жаратуу, колдонуу, жайылтуу боюнча үйрөтүп, тажрыйба алмашуу жаатында жана билим берүүчү уюмдарда модуль платформасын киргизүү боюнча иштешкенге даярбыз. Андан сырткары башка тилдердерден которбостон, өзүбүздүн академиялык курсубузду иштеп чыгууга кызыкдарбыз. Ошондой эле уюмга өзүбүз иштеген багыттарда тренинг өткөрүп берүү, алдыдагы биргелешкен иштерибиз боюнча сүйлөшүп, дагы да кеңири таанышуу боюнча жолугушкубуз келет.

Асанакунова Назгүл Аскарбековна

    – Биздин басма компаниябыз 2016-жылы Пекиндеги эл аралык “Шанс” корпорациясы тарабынан, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы адабият, маданият, искусство, экономика ж.б. тармактар боюнча байланышты бекемдөө жана достукту улантуу максатында уюшулган. Ошондой эле эл аралык “Шанс” корпорациясынын генералдык директору Му Пин мырзанын жетекчилиги менен Пекин, Москва, Алматы, Минск, Токио шаарларында да басма компаниялары, китеп дүкөндөрү ачылган. Кыргызстанда иш алып барып жаткан биздин  басма компания тарабынан азыркы күнгө чейин ар тармактуу илимий-популярдуу, тарыхый, көркөм-адабий, искусство, саясий ж.б. китептер кытай жана орус тилдеринен кыргыз тилине которулуп,окурмандарга жалпысынан 100дөн ашуун китеп сунушталды. Кытай-кыргыз тилдери боюнча сөздүктөр да даярдалып, басмадан чыгарылды.

    “Жаш тилчилер” уюмунун жаш кыргыз тилчилеринин биринчи кеңешмеси болуп өттү. Бул уюмдун ачылышы жалпы жаш тилчилердин башын бириктирип бири-бирин колдоо, көмөктөшүү үчүн абдан жакшы саамалык болуп отурат. Анткени Кыргызстандын 7 облусундагы мектептерде кыргыз тилин, мамлекеттик тилди окутууда, жаштарга таалим-тарбия берүүдө заманбап, ар тараптан өнүккөн жаш адистерди даярдоо үчүн алгачкы кадамдар ташталды деген ойдобуз. Келечекте бул уюмдун алдында башка тилчи (орус тили, англис тили, кытай тили ж.б.) жаш адистерди да чогултуп, мамлекеттик тил үчүн котормо жаатында чоң-чоң иштер аткарылат деген үмүттөбүз.

    Кытай элинин улуу ойчулу Коңфузы (Конфуций) мындай деген: “Мурда алган билимин жана тажрыйбасын кайталап, аны тереңдеткен, өркүндөткөн адам устат боло алат”. Ооба, мугалим болобу же башка кесиптин ээси болобу, ар ким алган билимин тереңдетип, өркүндөтүп, ар тараптан өнүгүүсү керектигин баса белгилеп өткөн.

    Бүгүнкү жаш тилчилер менен жолугуушууда алар менен мындан ары жакындан кызматташууда котормо жаатында тажрыйба бөлүшүп, кыргыз тилиндеги сабаттуу китептерди чыгаруулары үчүн колубуздан келген жардамыбызды беребиз деген ойдобуз. Ийгилик сага, жаш тилчи!

Кеңешменин жүрүшүн төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар:

https://youtu.be/dhPM1S3wraw

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар