Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекекттик тилди өнүктүрүү секторунун алдында “Жаш тилчилер” уюму түзүлдү

Көрүлдү: 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековнанын Бишкек шаарындагы жана 7 облустагы апрель, май айындагы жаш кыргыз тилчи мугалимдер менен болгон жолгушуулардын алкагында атайын жаш мугалимдердин башын бириктирген уюм түзүү боюнча сунуштар айтылып, демилгелер көтөрүлгөн. Мындан улам Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун алдында “Жаш тилчилер” уюму түзүлдү.

post.title

    Уюм апрель айында Мамлкекттик тилди өнүктүрүү секторунун алдында түзүлдү. Бишкек шаарындагы 4 райондон 103 жаш кыргыз тилчи кирди. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбекованын региондорго болгон иш сапарында 7 облустан 139 жаш мугалим кошулду. Бүгүнкү күндө жалпы 242 тилчи тайпага кошулуп, алардын маалыматтык базасы түзүлүп чыкты. Кошулган тилчилердин арасынан иштей турган багыттарды аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлүп, 7 багыт аныкталды. Алардын сап башында жаш тилчилердин башын бириктирип, тажрыйба алмашуусу, сунуштары жана пикирлери боюнча талкуу жүргүзүү үчүн аянтча түзүп берүү. Муну менен биргеликте усулдук, методикалык, юридикалык жана психологиялык жардам алуулары үчүн тренинг, семинарларды, жолугушууларды уюштуруу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар