Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Республикалык "Манас таануу" телетаймашы

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө Мыйзамын ишке ашыруу багытында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,  Кыргыз телерадио корпорациясы, “Саякбай манасчы” коомдук фонду менен биргеликте  Республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык  телетаймашын өткөрүү жөнүндө 3 тараптуу буйрук чыгарып, сынактын Жобосун, чыгымдар сметасын, уюштуруу тобун бекиткен.

post.title

Аталган сынак негизинен 2010-жылдан тартып жалпы билим берүүчү орто мектептердин  окуучулары арасында жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен  өтүп келген. КР Жогорку Кеңешинин Маданият, билим берүү жана социалдык маселелер, бюджет жана финансы боюнча комитеттин колдоосу менен “Манас таануу” республикалык телетаймашын мамлекеттик бюджет тарабынан каржылоо сунушун КР Өкмөтүнө жиберип, Өкмөт колдоого алып, каржылоо Билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөөрү айтылган. Акыркы 3 жылдан бери аталган таймашка мамлекеттик бюджеттен каралып келе жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар