Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
КАЗЫБЕК КАЗАЛЧЫНЫН 120 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КЕҢЕШМЕ

Көрүлдү: 0

Казыбек казалчынын 120 жылдыгына карата кеңешме болуп өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин Казыбек Мамбетимин уулунун  (Казыбек казалчы) туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, 2022-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов, ырчы Токтобек Асаналиев, коомдук ишмер Ажыбек Ыбышов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Тил жана адабият институтунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин  жана жогорку окуу жайлардын филолог адистери катышты.

    Кеңешменин жүрүшүндө Казыбек казалчы боюнча табылган акыркы табылгалар, изилдөөлөр тууралуу айтылып, билим берүү тармагында акындын чыгармачылыгын жайылтуу жаатында өткөрүлүүчү иш-чаралар планы жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу сөз болду.  

    Кеңешмени КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна алып барды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар