Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Эл аралык эне тил күнүндө аңгеме жазуу сынагынын лауреаттары сыйланды

Көрүлдү: 1567

21-февралда, Эл аралык эне тил күнүндө, башталгыч класстын окуучулары үчүн аңгеме жазуу сынагынын лауреаттарын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Сынакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору уюштуруп, өткөргөн.

post.title

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, “Окуу керемет” долбоорунун директору Лиана Гертч жана лауреаттар катышышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун  ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында аңгемелерге ачык сынакка 191 аңгеме келип түшкөн. Долбоордун колдоосу менен 43 автор кыргыз тилиндеги 40, орус тилиндеги 24 аңгемени иштеп чыгышкан.

Аңгемелер сүрөттөр менен шөкөттөлүп, электрондук варианттары даярдалат. Андан соң басууга берилип, мектеп китепканаларына таркатылат.

Маалымат үчүн:

Эл аралык эне тил күнү ЮНЕСКОнун 1999-жылдын 17-ноябрындагы чечимине ылайык, маданияттык түрдүүлүккө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында, 2000-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар