Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Билим берүү жана илим министрлиги Эл аралык эне тил күнүн белгилейт

Көрүлдү: 1142

21-февралда, адаттагыдай эле, Эл аралык эне тил күнү белгиленет. Бул күнү Билим берүү жана илим министрлигинде да салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага министрликтин кызматкерлери, ошондой эле министрлик менен ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору биргелешип өткөргөн башталгыч класстын окуучулары арасындагы аңгеме жазуу сынагынын лауреаттары жана “Окуу керемет” долбоорунун директору Лиана Гертч ж.б. катышат.

post.title

2020-жылы ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында министрлик менен аталган долбоор тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата балдар үчүн аңгемелерге ачык сынак жарыяланган. Сынакка жалпысынан 191 аңгеме келип түшкөн. Долбоордун колдоосу менен 43 автор кыргыз тилиндеги 40, орус тилиндеги 24 аңгемени иштеп чыгышкан. Аңгемелер сүрөттөр менен шөкөттөлүп, электрондук варианттары даярдалууда, андан соң басууга берилип, мектеп китепканаларына таркатылат.

Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен “Мектеп курагындагы кенже курактагы балдар үчүн аңгемелер сынагы жөнүндө” жобого ылайык жеңүүчүлөр төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушат:

  • Жеңүүчү деп табылган балдар аңгемелери ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында авторлор тарабынан жеткиликтүү иштелип чыгып, Creative Common лицензиясы боюнча автордук укукту сактоо менен электрондук же басуу түрүндө жарыяланат;
  • Аңгемелердин автор-жеңүүчүлөрү 2022-жылы “Окуу керемет” долбоорунун алкагында уюштурула турган авторлордун потенциалын жогорулатуу боюнча семинарларга катышуу үчүн чакырылат;
  • Автор-жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлигинин жана долбоордун диплом/сертификаттары менен, ошондой эле министрлик Улуттук программанын алкагында чыгарган китептер менен сыйланат.

Белгилей кетсек, Эл аралык эне тил күнү ЮНЕСКОнун 1999-жылдын 17-ноябрындагы чечимине ылайык, маданияттык түрдүүлүккө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында, 2000-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда билим берүүнүн бардык баскычтарында ушул күндүн урматына салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар