Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Көрүлдү: 509

Бүгүн, 14-февралда Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театры менен биргеликте “Курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” аталышында жолугушуу иш-чарасын өткөрдү.

post.title

Иш-чара 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата этностор аралык ынтымактын, котормо маселелеринин “Манас” эпосунда каралышы, байланышы тууралуу манасчылардан терең маалымат алуу максатында өткөрүлдү.

Жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Гүлнара Ибраимова, КР эмгек сиңирген артисттери, манасчылар Рысбай Исаков, Самат Көчөрбаев ж.б. катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар