Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы белгиленет

Көрүлдү: 1342

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 10.00дө Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймагынан мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары катышат.

Иш-чаранын алкагында акцияга, сынакка жигердүү катышкан финалисттер жана окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Андан тышкары бардык катышуучуларга улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер таркатылат.

Иш-чара бардык санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана аткаруу менен өткөрүлөт.

Толугураак маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековнага кайрылыңыздар.

Байланыш телефондору: (0705) 280173, (0771) 280173

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар