Автор: Маалыматтык саясат сектору
12 Ноябрь 2025 ж. 11:16
Көрүлдү: 828
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын башкы (башкармалыктын башчысы, бөлүмдүн башчысы) жана улук (сектордун башчысы, башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 12-ноябрынан тартып 2025-жылдын 22-ноябрына чейин ачык конкурс жарыяланат.
Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын башкы тобу жана улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: тиркемеде резюме
Тандоого катышуу үчүн документтер тапшырылууга тийиш:
- жеке арызы;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
- негизги жана кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтерди кабыл алуу дареги: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү №257
Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 12-ноябрынан 22-ноябрына чейин (21-ноябрь саат 18.00 чейин).
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет №219 же https://reserve.srs.kg/selection шилтемеси аркылуу документ тапшырууга болот. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида)