Автор: Мектептеги билим берүү башкармалыгы
15 Сентябрь 2025 ж. 19:33
Көрүлдү: 2088
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт.
Талапкерлердин арыздарын жана конкурстук документтерди каттоо 15-сентябрда башталып, 26-сентябрда аяктайт.
Конкурстук тандоону Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти өткөрөт.
Өтүнмөлөр билим берүү уюму кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук почта даректери аркылуу кабыл алынат:
konkurs.chui@drko.kg
konkurs.batken@drko.kg
konkurs.osh@drko.kg
konkurs.ja@drko.kg
konkurs.naryn@drko.kg
konkurs.talas@drko.kg
konkurs.bishkek@drko.kg
konkurs.ik@drko.kg
konkurs.g.osh@drko.kg
Сынактын (квалификациялык тесттин) датасы, орду жана тартиби, ошондой эле документтерди экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүлөр талапкерлерге жиберилет.
ТИРКЕМЕ – Бош кызмат орундарынын тизмеси
Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефондору аркылуу алууга болот: 0503 610150, 0550 610150, 0551 405057, 0500 066177