Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
14 Июль 2025 ж. 18:07
Көрүлдү: 1589
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт.
Талапкерлердин арыздарын жана конкурстук документтерди каттоо 2025-жылдын 14-июлунда башталып, 28-июлунда аяктайт.
Конкурстук тандоону Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрөт.
Өтүнмөлөр билим берүү уюму кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук почта даректери аркылуу кабыл алынат:
doo.talas@drko.kg
doo.naryn@drko.kg
doo.g.osh@drko.kg
doo.chui@drko.kg
doo.ja@drko.kg
doo.batken@drko.kg
doo.osh@drko.kg
doo.ik@drko.kg
doo.bishkek@drko.kg
Сынактын (квалификациялык тесттин) датасы, орду жана тартиби, ошондой эле документтерди экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүлөр талапкерлерге жиберилет.
ТИРКЕМЕ – Бош кызмат орундарынын тизмеси, арыздын жана макулдук берүүнүн формалары
Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефондору аркылуу алууга болот: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150