Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
17 Январь 2025 ж. 19:14
Көрүлдү: 353
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 1815/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына толуктоолор киргизилди.
Атап айтканда, бүтүрүүчүгө “магистр” квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталды:
570200 |
Музыкалык искусство |
магистр |
570300 |
Театралдык искусство |
магистр |
Тиешелүү буйрукка министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен бул жерден тааныша аласыз.