Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
11 Декабрь 2024 ж. 10:56
Көрүлдү: 858
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына конкурстук тандоо башталганын жар салат.
2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча 17 (он жети) орун мамлекеттик стипендия бөлүндү.
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек:
1-кадам. https://bilim.gov.kg/ky порталы
2-кадам. https://student.edu.gov.kg/ порталы (Чет өлкөдө билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу порталы)
3-кадам. “2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы, керектүү талааларды толтуруу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2025-жылдын 15-январы саат 23:59га (Бишкек убактысы боюнча) чейин жүктөө керек.
Кытайдын университеттери, программалары жана каттоо тартиби тууралуу маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.