Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Ноябрь 2024 ж. 11:33
Көрүлдү: 1589
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору бош кызмат ордуна талапкерлердин документтери ушул жылдын 2-декабрына чейин кабыл алынарын эскертет.
Тандоого катышуу үчүн талапкерлер кесиптик тажрыйбасы, билими жана илимий жетишкендиктери, жарыяланган илимий макалалары, монографиялары, патенттери жана башка изилдөөлөрү жөнүндө маалыматты толук камтыган резюмени 2024-жылдын 2-декабрына саат 18.00гө чейин kadrymon@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл (байланыш телефону: (0312) 664643, Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамбетакунова Нургүл Барыктабасовна).
Директордун кызмат ордуна жалпы квалификациялык талаптар