Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Август 2024 ж. 19:00
Көрүлдү: 867
Мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн 2024-2028-жылдарга этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планына жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга техникалык тапшырманы бекитти.
2024-жылдын 26-августунан 1-сентябрына чейин ушул стандарттарды иштеп чыгуу үчүн консультанттарды жана эксперттерди тандоо жүргүзүлөт. 2024-жылдын 31-октябрына чейин тандалып алынган адистердин тобу жаңыланган билим берүү стандарттарынын долбоорлорун жана мектептик билим берүү үчүн базистик окуу планын кароого сунуштайт.
Бул кадам Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатын заманбап талаптарга ылайык модернизациялоого жана жакшыртууга багытталган.