МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июль 2024 ж. 11:10

Көрүлдү: 936

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 2-июлунан 15-июль(саат 18:00гө) чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Баткен облусу – konkurs.batken@ncokoit.kg

Жалал-Абад облусу –  konkurs.ja@ncokoit.kg

Ош облусу –  konkurs.osh@ncokoit.kg

Ысык-Көл облусу –  konkurs.ik@ncokoit.kg

Талас облусу –  konkurs.talas@ncokoit.kg

Нарын облусу –  konkurs.naryn@ncokoit.kg

Чүй облусу –  konkurs.chui@ncokoit.kg

Бишкек шаары – konkurs.bishkek@ncokoit.kg  

Ош шаары – konkurs.g.osh@ncokoit.kg

Бош орундар тизмеси – Тизме

Көңүл буруңуз!

Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди конкурска катышуудан четтетүү боюнча негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлган.

Толук маалымат - "Жарыялар" бөлүмүндө 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар