“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫ: БЫЙЫЛ 149 АДАМ АРЫЗ ЖИБЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Июнь 2024 ж. 15:33

Көрүлдү: 740

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга быйыл веб-портал аркылуу 149 адам арыз жөнөттү.

post.title

Анын ичинен 55 талапкерде документтердин толук пакети болсо, 94нүн арыздары талаптарга жооп берген эмес.

2024-2025-окуу жылына карата “Эл үмүтү” стипендиясын алуу үчүн сынакка документтерди кабыл алуу тууралуу маалымат https://edu.gov.kg/announcements/373/ сайтына 15-апрелде жарыяланган.

1-майдан 30-майга чейин https://umut.edu.gov.kg/ порталы аркылуу каттоо жүргүзүлдү жана документтердин түп нускалары министрликте кабыл алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар