БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: АПТА ИЧИНДЕГИ ОРЧУНДУУЛАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Февраль 2024 ж. 18:25

Көрүлдү: 2509

ДАЙДЖЕСТ

post.title

* 2024-жылдын 1-4-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Шэньчжень шаарында болуп, анын санариптештирүү тажрыйбасы жана санариптик технологиялар рыногу менен таанышты.

https://edu.gov.kg/posts/2512/

* Алмаштыруучу мугалимдин сабак жүктөмүн өзгөртүү боюнча Министрлер Кабинетинин Токтому күчүнө кирди.

https://edu.gov.kg/posts/2516/

* “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” китеби илим изилдөө институттарына жана илимий китепканага берилет

https://edu.gov.kg/posts/2521/

* КРдин Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б.Ельцин атындагы КРСУнун Бишкектеги ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

https://edu.gov.kg/posts/2523/

* Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулашты.

https://edu.gov.kg/posts/2528/

* 7-8-февралда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына талапкерлерди конкурсунда 101 талапкердин 11и тандоонун эки этабынан ийгиликтүү өттү.

https://edu.gov.kg/posts/2530/

* Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган “Кытай кыялын көздөй” аттуу үчүнчү стипендиялык программага каттоо башталды.

https://edu.gov.kg/posts/2532/

* Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктары, райондук\шаардык билим берүү бөлүмдөрү, бала бакча, мектеп, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары Эл аралык эне тил күнүнө карата арналган иш-чараларды 2024-жылдын 7-февралынан 15-февралына чейин өткөрүүгө тийиш.

https://edu.gov.kg/posts/2526/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар