КОНКУРСКА ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ БОЮНЧА СУРООЛОР ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Декабрь 2023 ж. 18:06

Көрүлдү: 3386

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөнүн багыттарынын бири, педагогика жана психологиянын негиздери боюнча суроолор Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун https://ncokoit.kg/index.php?page=84 сайтына жайгаштырылгандыгын маалымдайт.

post.title

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер көрсөтүлгөн шилтемедеги суроолордун негизинде тестирлөөгө даярданса болот.

Белгилей кетсек, тестирлөө 100 суроодон турат. Тагыраагы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча - 70 суроо;

- башкаруучулук компетенциялар - 10 суроо;

- педагогика жана психологиянын негиздери, логика боюнча - 10 суроо;

- башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун профили боюнча - 10 суроо.

 

► Суроолор

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар