МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Декабрь 2023 ж. 10:11

Көрүлдү: 669

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн (Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Өзгөн (шаардык), Көк-Жаңгак, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Кызыл-Кыя, Ак-Талаа, Тоң, Жети-Өгүз, Сокулук райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү), административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобуна кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 1-декабрынан тартып 2023-жылдын 12-декабрына чейин ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 1-декабрынан тартып  2023-жылдын 11-декабры саат 18.00 го чейин. 

Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/321/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар