МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

1 Декабрь 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн (Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Өзгөн (шаардык), Көк-Жаңгак, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Кызыл-Кыя, Ак-Талаа, Тоң, Жети-Өгүз, Сокулук райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү), административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобуна кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 1-декабрынан тартып 2023-жылдын 12-декабрына чейин ачык конкурс жарыялайт.

Административдик кызмат орундарынын башкы оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;

9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

1. билими:

- педагогикалык жогорку билим.

2Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

- жалпы билим берүү уюмунун директору жана/же окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген иш тажрыйбасы милдеттүү түрдө болуусу зарыл.

3. Жалпы квалификациялык талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»;

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;

9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

4. Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандыруу жөнүндө»;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 «Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;

5) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому.

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 1-декабрынан тартып  2023-жылдын 11-декабры саат 18.00 го чейин. 

Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар