БЫЙЫЛ “ЭЛ ҮМҮТҮ” ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯСЫН ЫЙГАРУУ ҮЧҮН СЫНАКТЫК ТАНДООГО 63 АРЫЗ ТҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Август 2023 ж. 18:46

Көрүлдү: 1055

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын максаты Кыргыз Республикасынын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын, билим берүү программаларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ №161 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилип, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.

Жобого өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 10-июлуна чейин узартылган.

“Тандоодон өткөндөрдүн арасында дүйнөнүн ТОП-100 университетинин рейтингине кирбеген жогорку окуу жайларга тапшырган талапкерлер болгон” деген эскертүүгө Жобонун 1-пунктуна ылайык, ЖОЖдордун рейтинги гана эмес, билим берүү программасынын рейтинги да эске алынгандыгын билдиребиз.

Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталган. Анын ичинен 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Документтердин толук пакети 18 адамда гана болгон. Бирөө баш тарткан.

Республикалык комиссия “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттарды тандады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо
эрежелеринин 3.13-пунктуна ылайык, “Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат”.

Маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылган - https://edu.gov.kg/posts/1935/

Шилтемелер:

Буйрук - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435065?cl=ru-ru

 Жобо - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/430959

Эрежелер - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/159336?cl=ru-ru#pr1

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар