“ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫН ЫЙГАРУУГА ТАЛАПКЕРЛЕР БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Август 2023 ж. 15:43

Көрүлдү: 2103

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия 2023-2024-окуу жылына талапкерлерди бекитти.

post.title

Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
  • Туратхан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык, стипендия таланттуу жаштарды чет өлкөлөрдөн билим алууга шыктандырууну колдоого жана жогорулатууга, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар