СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Июнь 2023 ж. 14:14

Көрүлдү: 815

Cүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • Жеке арызы;
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү;

Документтер ачык конкурс жарыяланган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде иш күндөрү саат 18:00го чейин кабыл алынат.

Дареги: Сүлүктү шаары, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү (Раззаков көчөсү №2)

Байланыш телефондору: 0 (3653) 5-00-84, 0773 17 02 90

Талаптар боюнча толугураак маалымат -  https://edu.gov.kg/announcements/264/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар