Cүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

29 Июнь 2023 ж.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:

-Кыргыз Республикасынын жараны;

-жаш курагы – 18 жаштан жогору;

-кадрлар резервине киргизүү үчүн, мыйзамда белгиленген квалификалык талаптарга ылайык келиши керек

 

1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу (У-Б) үчүн (башкы адис)

1) Кесиптик билимдин деңгээли

- жогорку билим (педагогикалык, гуманитардык илим/багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы

- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 2. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (К-Б) үчүн (адис)

1) Кесиптик билимдин деңгээли

- жогорку билим (педагогикалык, гуманитардык илим/багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы

- иш стажына талап коюлбайт.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;

- Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (word, excel, Санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы)

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • Өзүнүн арызы;
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү;

 Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып 10 календардык күндүн ичинде Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө Сүлүктү шаары, Раззаков көчөсү №2 дарегинде иш күндөрү саат 18:00 чейин кабыл алынат.

Байланыш телефондору: 0 (3653) 5-00-84, 0773 17 02 90

 Конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Эскертүү: Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрдык резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынакка катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар