Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
19 Май 2023 ж. 11:49
Көрүлдү: 1587
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу башталганын маалымдайт.
Сынакка мыкты 100 университеттин тизмесине кирген https://www.topuniversities.com/student-info/choosing-university/worlds-top-100-universities ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.
Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк https://edu.gov.kg/announcements/232/ сайттан тааныша аласыз.
Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 110-кабинетке тапшыруу керек.