Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Ноябрь 2022 ж. 10:40
Көрүлдү: 822
Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын жана уюмдарын Аккредитациянын автоматташтырылган системасы аркылуу аккредитациялоодо эксперттердин потенциалын жогорулатуу максатында окутуу семинарын өткөрөт.
Семинар 2022-жылдын 8-9-декабрында Бишкек шаарында өтөт.
Семинарга катышуу үчүн 2022-жылдын 2-декабрына чейин accreditation@edu.gov.kg электрондук дарегине мамлекеттик же расмий тилде жазылган арыз жөнөтүү керек.
Арызга төмөнкүлөр PDF форматында тиркелет:
Семинардын катышуучуларына төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Эскертүү: Документтерди тандоо боюнча жумушчу комиссия 2022-жылдын 3-декабрынан 5-декабрына чейин иш алып барат. Документтерди өз убагында толук тапшырбаган талапкерлерге семинарга катышуу укугу берилбейт.
Семинарга катышууга кеткен чыгымдарды (жол кире, иш сапар менен байланышкан чыгымдар, тамактануу) катышуучулар өздөрү каржылайт.