Көрүлдү: 1547
Программанын 3-фазасы гендердик теңчиликти, инклюзивдик жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү улантууга, ошондой эле шаардык жана айылдык мектептерде санариптик, экологиялык көндүмдөрдү жана медиа сабаттуулук көндүмдөрүн интеграциялоого багытталган.
Жалпы суммадан 27 млн евро бюджеттик колдоо катары, ал эми 5 миллион евро техникалык жардам катары бөлүнөт. Акыркысы «твиннингди» – Кыргыз өкмөтүнө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мүмкүндүк берген биргелешкен методду камтыйт.