«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору

Көрүлдү: 1686

Биз жөнүндө

    Эл аралык финансылык уюмдардын бюджеттик колдоосу — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз жарандарына кызматтарды натыйжалуу көрсөтө алган ачык-айкын мамлекеттик тутумду түзүүгө жардам берет. Мисалы: Европа биримдиги — туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында 100 өлкөнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук бюджетин көп убакыттан бери колдоп келет. Мындай колдоо — өлкөдөгү оор шартта калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана мамлекеттин туруктуулугун сактап калууга көмөктөшөт. Евробиримдиктен жардам катары берилген акча түздөн-түз өлкөнүн казынасына которулат.

    Андан ары республикалык бюджетти түзүүдө ички ресурстар сыяктуу эле бюджеттик коргоо процесси аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда бөлүштүрүлөт. Айта кетсек, 2020-жылдын июль айында Европа биримдиги социалдык секторду, билим берүү тармагын колдоо үчүн Кыргызстанга 24,8 млн евро которгон. Евробиримдиктен берилген жардам пандемия күч алып турган мезгилге туш болгондуктан 3 маанилүү тармакка, башкача айтканда саламаттыкты сактоо тармагына, бюджетти жана экономиканы колдоого жумшалган.

 Экономиканы колдоо жаатында- пандемиянын кесепетинен жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилген.Жалпысынан, каржылык колдоо — пандемиядан улам салык чогултуулардын төмөндөшүнөн пайда болгон социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюуга жана бюджеттик таңкыстыкты кыскартууга колдонулган. 

1) COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга жардам берген ММК фондунун 71 631 медициналык кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айында – бардыгы 490 млн сом)

— медициналык жабдууларды сатып алууга, дезинфекциялоо иш-чараларына жана атайын коргоочу кийимдерди сатып алууга – 640,9 млн сом.

— дары-дармектерди жана медицинада колдонуучу буюмдарды сатып алууга– 205,4 млн сом;

— Азык-түлүк сатып алууга – 5,7 млн сом;

— инсулин жана курамында инсулин бар дары-дармектерди сатып алууга – 4 млн сом;

2) КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 7 472 медициналык кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы – 57,5 млн сом)

3) 210 835 адамга социалдык жардам катары пособиелер төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы – 387 млн сом)

4) 30 684 пенсионерге пенсия төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы – 178,4 млн сом).

5) Билим берүү жана илим министрлигине караштуу билим берүү мекемелеринин 17915 кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы —137,1 млн. сом

    Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргызстан Европалык биримдиктен 19, 7 млн евро жардамды күтүүдө жана келип түшчү каражатты эки тараптуу макулдашуунун негизинде антикризистик программаларга жумшамакчы.

    Министрлер Кабинети бул жылы Евробиримдик менен чогуу билим берүү жана санариптештирүү жаатында бир катар программаларды ишке ашырууну пландаштырууда. Евробиримдик 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасына акчалай жардамын көрсөтүп келет.

    Айрым байкоочулар пандемиянын кесепетинен пайда болгон дүйнөдөгү экономикалык оор кырдаалда жардамдардын көлөмү кыскарышы мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.  Бирок, каатчылыкка карабастан, Европалык биримдик өзүнүн бюджеттик колдоосу аркылуу Кыргызстан элинин турмушуна кайдыгер эместигин жана кыргыз эли менен тилектеш экендигин көрсөтүүдө.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар