Көрүлдү: 0
2020-ж. июль айында Европа биримдиги COVID-19 кесепеттерин жоюууга карата Кыргызстанга 24.8 млн евро акча которгон. Евробиримдиктен берилген жардам негизги 3 тармакка берилген. Европа биримдиги туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында Кыргызстандын улуттук бюджетин көп убакыттан бери колдоп келет. Мындай колдоо- өлкөдөгү оор шартта калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана мамлекеттин туруктуулугун сактап калууга көмөктөшөт.
ЕВРОБИРИМДИКТИН ФИНАНСЫЛЫК КОЛДООСУ КАЙДА ЖУМШАЛДЫ?
Инфографика: https://edu.gov.kg/media/post/attachments/Infographic_EU_budget_support_KG.1final.pdf
ЕВРОБИРИМДИКТИН ФИНАНСЫЛЫК КОЛДООСУ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз жарандарына кызматтарды эффективдүү жана натыйжалуу көрсөтө алган ачык-айкын мамлекеттик тутумду түзүүгө жардам берет.
Мындай колдоо - өлкөдөгү оор шартта калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана мамлекеттин туруктуулугун
сактап калууга көмөктөшөт.
Евробиримдиктин КРнын бюджетин колдоосу- пандемиядан улам каражаттык чогултуулар төмөндөп, анын натыйжасында пайда болгон социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюууга жана бюджеттик таңкыстыкты кыскартууга өбөлгө болуп берет.
ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАКЫНКЫ АРАГА МЕРЧЕМДЕЛГЕН АРАКЕТТЕРИ
Кыргыз Өкмөтү бул жылы Евробиримдик менен чогуу билим берүү жана санариптештирүү жаатында бир катар программаларды ишке ашырууну пландаштырууда.