Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
МОНГОЛИЯДАН СЫЙЛАНГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ

Көрүлдү: 1077

Орус тили жана адабияты мугалими Мира Сагынбаева Монголиянын биринчи даражадагы мугалими төш белгиси менен сыйланды. Бул төш белги Монгол балдарына билим берүүдөгү күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылды.

post.title

Мира Сагынбаева Монголиянын Улан-Батор шаарындагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп келди. Ал жакка атайын чакыруунун негизинде эки жылдык келишим менен барган.

 “Россияда бала бакчада педагог болуп иштеп жүрсөм, Монголияга барып иштөө боюнча чакыруу түшүп калды. Бул мага адан кызык болду. Анткени көптөн бери Чыңгызхандын өлкөсүнө баргым келип жүргөн. Башында монгол балдарга биздин балдарга салыштырмалуу орус тилин үйрөтүү кыйынга турду. Бирок ар кандай кызыктыруучу оюн, сабак, ыкмалардын натыйжасында жогорку деңгээлде үйрөтө алдым. Окуучулар мага ыраазы, мен аларга ыраазы болуп кайттым. Мени кайра жаңы окуу жылында кайтып келүүмдү суранышты. Бирок үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу баш тарттым”, - деп билдирди Мира Сагынбаева.

Мугалим Сагынбаева Кыргызстан менен Монголиянын билим берүү системасында чоң айырма бар экендигин айтат.

“Мага ал жактагы мектептердин баарынын акылуу болгону таң калтырды. Өзгөчө орус тилдүү мектептерде билим алуу өтө кымбат. Буга кошумча корей, англис, кытай, орус тилдерин үйрөнгөндөр да көп. Алар үчүн билим алуу биринчи орунда. Ата-энелер дагы балдарынын мыкты билим алуусуна болгон шартты түзгөнгө аракет кылышат экен”, - деди ал.

Мира Сагынбаева 1992-жылы Россиянын Оренбург шаарындагы Оренбург мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Буга чейин Калининград (Россия), Бишкек, Нарын шаарларындагы мектептерде орус тили жана адабияты мугалим болуп эмгектенген.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар