Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
ОКУУЧУ КЫЗ "ӨЗ МЕКЕНИҢ ЖӨНҮНДӨ ДҮЙНӨГӨ АЙТЫП БЕР" ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНДА БИРИНЧИ ОРУНДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

Көрүлдү: 838

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Умралиева “Өз мекениң жөнүндө дүйнөгө айтып бер” эл аралык сынагынын видеороликтер номинациясында I орунду жеңип алган №62 мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучу Татьяна Ивановага грамота, сертификат жана белектерди тапшырды.

post.title

Ошондой эле анын устаты, тарых мугалими Елизавета Шаповалова жана Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун бөлүм башчысы Руслан Ахметшинге ыраазычылык каттарын тапшырды.

Сынак “Балдарды жана жаштарды өнүктүрүүнүн инновациялык борбору” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Бул жылы сынакка Россия Федерациясынын 79 регионунан жана дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 1122 адам катышты.

Елизавета Шаповалова окуучусу Татьяна Иванова буга чейин “Адам укугу биздин көзүбүз менен” эл аралык сынагында №62 мектептин командасынын курамында экинчи орунду ээлегендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, эл аралык сынакка Кыргызстандан 20дан ашык окуучу катышкан.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар